Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

Турсунбек Акун Конституциялык палатага кайрылды


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Соттун Конституциялык палатасына кайрылып, Жогорку Кеңештин аны кызматтан алуу тууралуу токтомун жокко чыгарууну өтүндү. Буга чейин Бишкектин район аралык соту, шаардык сот жана Жогорку Сот Акундун арызын канааттандырбай койгон.

Былтыр 27-июнда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп аталып жүргөн Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна катышы бар деп акыйкатчылыктан бошоткон.

Учурда Турсунбек Акун Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укугу боюнча конгрессти жетектөөдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG