Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Кыргыз-тажик чек арасындагы жол кайра ачылды


Баткендеги Ак-Cай айылынын тургундары Ворух анклавын Тажикстан менен байланыштырчу Ворух - Исфара жолун ачышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Улан Рысбеков билдирди. Анын айтымында, кечээ кечинде Ак-Сай айылынын тургундары аталган жолду буушкан. Ага айыл четиндеги кыштоодогу үч үйдүн өрттөнүп кеткени себеп болгон. Айылдын тургундары бул үйлөрдү ворухтуктар өрттөдү деп шек санап, кечээ кечинде жолду бууган. Андан кийин эки өлкөнүн күч органдарынын кызматкерлери келип, эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң жол ачылды. Учурда айылда абал тынч. Ал эми кыштоодогу үйлөрдүн өрттөнүшү боюнча жеринде күч органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам топ иштеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG