Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жалал-Абад: Тепме чыккан лицейдин окуучулары эмделүүдө


Кыргыз-Түрк лицейинде окуган балдар үчүн республикалык иммунопрофилактика борборунан 450 доза вакцина алынып келинип, аны менен дени сак балдар эмделүүдө. Шаардык СЭСтин башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаев бул лицейде ай башынан бери тепмеге шектелген 31 баланын бешөөнөн башкасы айыгып чыкканын, ал эми беш бала лицейде өзүнчө ажыратылган бөлмөдө дарыланып жатканын бүгүн "Азаттыкка" көрсөттү.

Быйыл февраль айынан бери Жалал-Абад облусунда бул дартка 38 бала чалдыкканы кабарланган.

Тепме оорусу аба аркылуу жугат, шилекей бездери сезгенет. Кыргызстандын Эмдөө боюнча улуттук календарына ылайык, бул дартка каршы бала 1 жашка чыкканда эмделет. Талап боюнча 6га чыкканда дагы бир эмделиши керек. Бирок каражаттын жетишсиздигинен экинчи эмдөө соңку 2 жылдан бери жасалбай келатат. (YA)

XS
SM
MD
LG