Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Бишкекте инвесторлорго түзүлгөн шарт талкууланды


Бүгүн Бишкекте “Бизнес климат: кечээ, бүгүн жана эртең” деген темада тегерек үстөл талкуусу өттү. Ага бир катар эксперттер, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү жана депутаттар катышты. Талкууда өлкөдөгү ишкерлерге, инвесторлорго түзүлгөн шарт тууралуу сөз болду. Бир катар ишкерлер Кыргызстанда өкмөттүн тез-тез алмашуусу бизнес чөйрөгө, өлкөдө ырааттуу экономикалык саясат жүрүшүнө тоскоол жаратып жатканын айтып чыкты. Алардын жүйөсүндө, ар бир жаңы өкмөт келген сайын мурдагы башталган реформа токтоп, өнүгүүгө тоскоол болууда.

Өткөн аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаев мамлекеттик органдарга ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну тапшырып, муну аткарбагандар жазаланаарын эскерткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG