Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

"Кыргызгазпром" негизги карызын төлөгөндөрдүн туунду акчасын кечет


"Кыргызгазпром" ишканасы газ үчүн карызынын негизги суммасын төлөгөндөргө туунду акчаны кечет. Бул тууралуу бүгүн аталган ишкананын Оштогу филиалынын жетекчи орун басары Зина Азимкулова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, мурдагы "Кыргызгаздын" жаӊы кожоюну болгон орусиялык "Газпром" айыппулдарды кечерин жарыялады. Бул акция ушул айдын аягына чейин гана жүрөт.

"Кыргызгазпромдун" Ош филиалында Ош шаары жана Кара-Суу району боюнча 60 миӊден ашык кардары бар. Алардын карызы 15 млн сомго жеткен. Ал эми анын үстүнө эсептелген туунду акчанын суммасы 6 млн сомду түзөт. (YI)

XS
SM
MD
LG