Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

“Билайн” бирдик жүктөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салды


“Билайн” уюлдук оператору өз агенттерине кызмат көрсөтүү үчүн кошумча акы алууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган ишкананын расмий сайтындагы билдирүүдө айтылат. Мамлекеттик антимонополия агенттиги уюлдук операторго эскертүү берген. Мындан соң “Билайн” уюлдук оператору өзү менен кызматташкан ортомчу агенттиктерди кошумча акы албоону суранды.

1-апрелден баштап “Билайндын” кызматынан пайдалангандар бирдик жүктөө үчүн кошумча акча төлөй баштаган. Буга чейин 5 сом акы алган компаниялар эми бирдик салуу акысын 9 сомго чейин көтөргөн.

Компания өзү муну ортомчу агенттиктерге шылтап жатат. Ал эми диллерлер буга комментарий бере элек. Бейрасмий маалыматтарга караганда “Билайн” оператору келишим шарттарын өзгөрткөн үчүн ушундай кадамдар жасалууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG