Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Жогорку Сот Камчы Көлбаевдин ишин 7-майда карайт


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаевдин ишин Жогорку Сотто кароо кийинки айга калды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Соттон кабарлашты. Бүгүнкүгө белгиленген жараян Көлбаевдин адвокатынын өтүнүчү менен 7-майга жылдырылды.

Жогорку Сот Көлбаевдин адвокатынын арызын 25-мартта карап баштаган. Былтыр Бишкектин Биринчи Май райондук соту Камчы Көлбаевди "бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алган" деген берене менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Бирок жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Жактоочунун арызынын негизинде шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Мындай жазага макул болбогон Көлбаевдин адвокаты төмөнкү баскычтагы соттордун чечимин адилетсиз деп атап, Жогорку Сотко кайрылган.

Камчы Көлбаев 2012-жылдын декабрында Араб Эмираттарынан Бишкекке алынып келген. Аны АКШ дүйнөдөгү кооптуу баңги барондор тизмесине киргизген. (BkA)

XS
SM
MD
LG