Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Прокуратура: Мырзакматов күбө катары чакырылат


Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга келсе күбө катары чакырылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулу билдирди. Анын айтымында, Мелис Мырзакматов Оштогу эстакада көпүрөнүн курулушу боюнча ачылган кылмыш ишинде күбө катары суралууда. Бирок акыркы учурда Кыргызстандын аймагында болбогондуктан суракка келбей жатат.

Быйыл январдагы Ош шаарынын мэрин шайлоодо Мелис Мырзакматов жетиштүү добуш ала албай калды. Анын он миңге чукул тарапкери аянтка чыгып, нааразылыгын билдирген. Мындан соң Мырзакматов төрагалык кылган “Улуттар биримдиги” партиясы жана "Улуттук оппозициялык кыймыл" бийлик жана айрым криминалдык топтор түрдүү жол менен экс-мэрди куугунтуктап жатканын айтып, аны кайра-кайра суракка чакырып жатышканына тынчсыздануу билдирген болчу. Азыркы учурда Мелис Мырзакматовдун кайда экени белгисиз. (BkA)

XS
SM
MD
LG