Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Украинадагы абал Женевада талкууланат


АКШ, Орусия, Украина мамлекеттеринин жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча лидерлери бүгүн Женевада чогулуп, Украинадагы абалды талкуулашат. Жолугушууда чыгыш Украинадагы орусиячыл жикчилердин аракеттери талкууланат.

16-апрелде демонстранттар украин күч органдарынын алты бронетехникасын тартып алган. Донецк шаардык мэриясынын имаратын да басып алышкан. 10-апрелден бери Киев орусиячыл жикчилерге каршы аракеттерди жүргүзүүдө.

Украин тышкы иштер министри Андрей Дешица Женевада Москвадан өз өлкөсүнө карата мыйзамсыз аракеттерди токтотууну талап кылаарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG