Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Алайдагы жылан чыккан мектепте адистер иштеп жатат


Алайдагы жылан топтолгон мектепте бүгүн Илимдер академиясынын адистери сойлоп жүрүүчүлөрдү кетирүү чараларын көрө баштайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Жергиликтүү тургундардын жыландарды айдап чыгуу аракеттеринен майнап чыккан жок. Алар ырым-жырымдарды да колдонуп көрүштү, бирок мектеп короосундагы үймөлөшкөн жыландар кетпей турат. Биринчи май айылында жайгашкан Орозов атындагы мектептин короосуна, фундаменттердин кычыктарына 30дан ашуун жылан 15-апрелде топтолгон.

Ал жерде 145 окуучу билим алат, 20 мугалим эмгектенет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мектепти убактылуу жапкан. (UEz\SE)

XS
SM
MD
LG