Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Журналист жоопкерчилиги боюнча мыйзамга кайра добуш берүү сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов парламент кечээ кабыл алган "кылмыш жасаган" деп жалган маалымат таратканы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоорго кайрадан добуш берүүнү сунуштады. Анын айтымында, көпчүлүк депутаттар байкоосуздан “макул” деген добуш берген. Учурда 15 депутат кайра добуш берүүгө макулдугун берди.

Шаршембиде мыйзам долбоор экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган. Аны 80ден ашык депутат колдогон.

Депутат Эристина Кочкарова баштаган бир нече депутат иштеп чыккан мыйзам долбоорго ылайык "Кылмыш-жаза кодексине" өзгөртүү киргизилип, кылмыш жасады деп жалган маалымат тараткан журналистти бир жылга чейин камоо каралган. Бирок бул демилгени журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү сөз эркиндигин кысмакка алуу деп баалап, каршы чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG