Бүгүн 17-апрель, Гемофи́лия оорусуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга байланыштуу Бишкектеги Кан борборунда “Кан тапшырып оорулууга өмүр тартуула!” аттуу акция өтүүдө. Каалоочулар келип, ыктыярдуу түрдө кан тапшырса болот.
Республикалык Кан борборунун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын “Азаттыкка” маалымдашынча, акыркы учурда Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайып жатат.
Гемофилияга чалдыккандардын организминде кандын уюу процесси бузулуп, түрдүү кыйынчылыктарды жаратат. (BkA)