Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Мырзаевдин тарапкерлери орус элчилигинен жардам суроодо


Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында Улуттук банктын мурдагы төрага орун басары, оппозициялык “Элдик фронт" кыймылынын жетекчиси Абдымалик Мырзаевдин тарапкерлери нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар камакта жаткан Мырзаевге карата саясый куугунтукту токтотууну талап кылып, аны бошотууга Орусия элчилигинен көмөк сурап жатат. Мырзаевдин иниси Расул Мырзаев “Азаттыкка” билдиришинче, агасы Орусиянын жарандыгын алганы үчүн бул өлкөнүн тыңчысы деген шек менен камакка алынган.

Абдымалик Мырзаев ушул жылдын февраль айында камакка алынган. Ага карата "Кылмыш кодексинин" “Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуун уюштуруу жана ага катышуу”, “Бийликти күчкө салып тартып алуу же күч менен кармап туруу” беренелери боюнча иш козголгон. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG