Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Батукаевдин бошонушунун жаңы жагдайлары боюнча кылмыш иш ачылды


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү саналган Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошонуп кетишинин жаңы жагдайларына байланыштуу кылмыш иш ачылды. Бул тууралуу Баш прокурор Аида Салянова бүгүн Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып билдирди. Анын айтымында, прокуратурага Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу жаңы оперативдүү маалыматтар келип түшкөн. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Азиз Батукаев былтыр апрелде Нарындагы түрмөдөн айыккыс ооруга чалдыкты деген себеп менен эртелей бошотулган. Бирок кийинчерээк ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия ачыкка чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG