Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Салянова: Келдибеков тергөөнүн жыйынтыгына кол койбой жатат


Коррупцияга аралашкан деген шек менен кармалган оппозиционер депутат Акматбек Келдибеков боюнча кылмыш иш тергелип бүттү. Бул тууралуу Баш прокурор Аида Салянова бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, тергөө бир канча убакыт мурун бүткөн. Мыйзам боюнча тергөөдөн кийин айыпталуучу тарап анын жыйынтыгы менен таанышып, кол коюп бериши керек. Иш ошондо гана сотко өтөт. Бирок, Салянованын айтымында, Келдибеков кол койбой жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттеги оппозициялык "Ата Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков мамлекеттин акчасын жөнсүз короткон деген айып менен былтыр 22-ноябрда кармалган. Келдибеков өзү жана оппозиция өкүлдөрү ал саясий себептен улам камалганын айтып келатат.

Бүгүнкү жыйында "Ата Журт" фракциясынын жетекчиси Жылдызкан Жолдошева Келдибеков ага тагылган айыптарга макул эместигинен кол койбой жатканын, прокуратура тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтып чыкты. (BkA)

XS
SM
MD
LG