Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Бүгүн Индиядагы парламенттик шайлоонун маанилүү күнү


Бүгүн, 17-апрель Индияда өтүп жаткан жалпы шайлоодогу эң маанилүү күн. Өлкөнүн 12 штатынан талапкерлер парламенттин төмөнкү палатасындагы 120 орунга ат салышууда.

Индиядагы парламенттик шайлоо 9 этаптан турат. Алар 7-апрелде башталган, 12-майда аяктайт. Добуш берүүгө Индиянын 800 миллиондон ашык жараны катышууда.

Эң негизги күрөш учурда өкмөттү башкарып турган "Индия Улуттук Конгресси" менен "Индия элдик партиясынын" ортосунда жүрүүдө. Элдик партиянын лидери Нарендра Моди жеңишке жетсе экономиканын өсүшүн камсыздап, жаштарга жаңы иш орундарын түзүп берерин убада кылууда.

XS
SM
MD
LG