Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

“ВКонтакте” сайтынын негиздөөчүсү ФСБ талабын аткаруудан баш тартты


Орусиядагы эң популярдуу деп эсептелген “ВКонтакте” социалдык сайтынын негиздөөчүсү Павел Дуров компаниядагы акцияларын сатууга мажбур болгонун билдирди. Бул тууралуу ал 16-апрелде өз баракчасына жазган.

Дуровдун айтымында, өткөн жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Украинанын оппозициялык активисттери тууралуу маалыматты талап кылган. Бирок ал баш тарткан.

Дуров “Бул процесс менин көп убактымды жана шайымды алды, акыры акциялардан кутулдум” деп жазды.

Жылдын башында Дуров фирмадагы акциялардын 12% үлүшүн Иван Тавринге саткан. Таврин Кремлдин “досу” атыккан белгилүү магнат Алишер Усмановдун жакын өнөктөшү.

XS
SM
MD
LG