Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Батукаевге эл аралык издөө жарыяланышы мүмкүн


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаевге кайрадан эл аралык издөө жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында Баш прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, учурда Батукаевдин абактан эртелей бошотулушунун жаңы жагдайлары боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мунун алкагында жакын арада Батукаевге издөө жарыяланышы мүмкүн.

Азиз Батукаев былтыр апрелде Нарындагы түрмөдөн айыккыс ооруга чалдыкты деген себеп менен эртелей бошотулган. Бирок кийинчерээк ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия ачыкка чыгарган.

Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 30-майында Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышына тиешеси бар деп ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев баштаган бир нече жетекчини 10 күндүн ичинде кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Булардын ичинен Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен иштен кетсе, Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG