Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Женевада Украина боюнча төрт тараптуу сүйлөшүү башталды


Украинадагы кризисти жөндөө үчүн АКШ, Орусия, Украина жана Евробиримдиктин жогорку өкүлдөрү Женевадагы сүйлөшүүсүн баштады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Дешица, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон сүйлөшүү столуна отурушту.

Женевага келээри менен Андрей Дешица Москвадан “террордук иш- аракеттерди” колдоону токтотууну жана Украинанын чек арасына жакын жайгаштырылган 40 миңден ашык орус аскерлерин алып кетүүсүн талап кыларын билдирди.

Дешица Москва менен сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок Орусиянын Украинанын башкаруу саясатына кийлигишүүгө эч кандай укугу жок экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG