Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Кочкордо 400 бала чатырда окуп жатат


Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы орто мектептин 400дөн ашуун окуучусу учурда чатырда билим алып жатат. 2007-жылы жер титирөөдөн кийин мектеп жараксыз абалга келип калган. Ошол эле жылы жаңы мектеп курулган. Бирок ал сапатсыз курулгандыктан учурда кулап калуу коркунучунда турат. Балдар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бөлүнгөн жети чатырда окуп жатканына бир айдан ашты.

Айыл тургундары жаңы мектепти курган “Хан Теңири” компаниясын сотко берген. Райондук сот “Хан Теңиринин” пайдасына чечим чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG