Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

Баш прокурор кылмыш иш козголгон бийлик өкүлдөрүн атады


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Баш прокурор Аида Салянова кылмыш иш козголгон жогорку кызматкерлерди атады. Анын айтымында, “Республика” фракциясынан депутаттар Исхак Пирматов, Элмурат Обдунов, Нурбек Мурашевге, “Ата Журт” фракциясынан Курманбек Осмонов, экс-депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, камактагы депутаттар Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеевге, Социал-демократтар фракциясынан Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым өкүлүнүн орун басары Жумагүл Кененбаева, Нарын районунун акими Тазабек Мамыров, Балыкчынын экс-мэри Мирлан Бообеков, Таш-Көмүрдүн вице-мэри Камчыбек Шариповго, “Ата Мекен” фракциясынан мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров, Каракол шаарынын экс-мэри Ишенбек Өмүрканов, өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн орун басары Анарбек Тургунбаевге кылмыш иши козголгон.

Муну менен катар Салянова “Республика” фракциясынан депутат Урмат Аманбаева да Оштогу кургак учукка каршы диспансерге байланыштуу иш боюнча суракка чакырылып жатканын кошумчалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG