Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Украина Орусиянын эркек жарандарын киргизүүгө тыюу салды


“Аэрофлот-орус авиалиниялары” компаниясы бул тууралуу бейшемби күнү билдирди.

Мындай көрсөтмө украин бийликтеринен келип түшкөн. Анда 16-60 жашка чейинки Орусиянын эркек жарандары Украинанын аймагына киргизилбейт деп белгиленген. "Бул курактагы эркектер өзгөчө учурларда, тиешелүү документтер менен гана өтө алышат" деп билдирет "Аэрофлот-орус авиалиниялары” компаниясы.

Ошондой эле чектөөлөр Крым жана Севастопол аймактарында катталган бардык украин жарандарына дагы тиешелүү.

Украинанын чек ара кызматы дагы бул маалыматты тастыктады. Чек ара кызматынын өкүлү Олег Слободчандын “Украинская Правда” гезитине Киев мындай чектөөлөрдү өлкөнүн коопсуздугун сактоо максатында киргизгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG