Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

АКШ Украинага аскерий эмес жардам жөнөтөт


АКШнын коргоо министри Чак Хейгел Америка Украинага аскерий эмес жардам жөнөтүп жатканын билдирди.

Хейгелдин айтымында, жардам катары дары-дармек, суу тазалоочу техника жана генераторлор жиберилет. Мындан мурда АКШ украин армиясына азык-түлүк иретинде жардам көрсөткөн.

Ошол эле маалда Америка бийлиги Украинага курал-жарак жөнөтүү азырынча планда жок экенин белгиледи. Буга чейин НАТО Европанын чыгышында келерки күндөрү аба, деңиз жана кургактагы күчтөрүн даярдыкка келтирилет деп билдирген.

Вашингтон Орусияны Украинадагы абалды дестабилдештирүүдө деп айтыптап Украинага чек аралаш аймактан миңдеген аскерлерин чыгарууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG