Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

ШКУ мүчөлөрү Тажикстанда жолугушту


Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн өкүлдөрү Тажикстандын борборунда жолугуп, Ооганстандан НАТО аскер күчтөрү чыгарылган соң аймактагы коопсуздук абалынын келечеги жөнүндө сүйлөштү.

17-апрелде Дүйшөмбүдө өткөн жолугушууга Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Тараптар ошондой эле сепаратизм, терроризм, диний экстремизм, уюшкан кылмыштуулук менен биргелешкен күрөш тууралуу дагы сүйлөштү.
Жолугушууда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон сөз сүйлөп, уюмду “дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө” байланыштуу жаңы өнүгүү стратегиясын кабыл алууга чакырды.

Ал эми Кытайдын Жалпы коопсуздук боюнча министри Гу Шенгкун “тышкы күчтөр” айрым өлкөлөрдө экономикалык-социалдык талаш-тартыштарды пайдалануу менен бийлигин кулатууга аракет кылып, ар кандай “түстүү” революцияларга түрткү болушканын айтты. Бирок ал кайсы өлкөлөр экенин тактаган жок.

XS
SM
MD
LG