Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Москвада чет элдеги кыргыз диаспораларынын форуму болот


Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын үчүнчү дүйнөлүк форумун “Кыргыз биримдиги” коомдук уюму уюштуруп жатат. 9-11-май күндөрү өтө турган иш-чарага 20дан ашуун коомдук жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү, студенттер жана мигранттар катышат.

Кыргыз диаспораларынын дүйнөлүк форумун уюштуруу алгач Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси тарабынан демилгеленген. Биринчи форум 2012-жылы Нью-Йоркто өтүп, 60 делегат катышкан. Экинчи форум өткөн жылы Италияда өткөн, ага чет мамлекеттерден жүзгө жакын кыргызстандык келген. (SE)

XS
SM
MD
LG