Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Вице-премьер чатырда окуп жаткан балдар менен жолугат


Бүгүн өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Элвира Сариева Нарын облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ал Кочкордогу Ак-Жар айылындагы мектептин абалы менен таанышат. Жер титирөөдөн мектеби жарактан чыккан бул айылдын 400дөй окуучусу учурда чатырда билим алып жатат.

Ошондой эле вице-премьер Нарындагы Муратбек Рыскулов атындагы драма театрынын, бир нече оорукана жана бала бакчалардын абалы менен таанышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG