Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

“Ата Журт” өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүүдө


Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Журт” фракциясы учурдагы өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу бүгүн фракция жыйынында белгилүү болду. Анда өлкөдөгү энергетиканын абалы талкууланды. Депутаттар Токтогул суу сактагычында суу азайып кеткенин, энергетика тармагында абдан көп маселе чечилбей жатканын айтып, өкмөттү сынга алды.

“Атажуртчулар” жүйөсүндө, жаңы түзүлгөн өкмөттөгү көпчүлүк министрлер алмашкан жок. Ошондуктан энергетикадагы абалды жөндөй албаганы үчүн өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп, тиешелүү чечим кабыл алды. (BkA)

XS
SM
MD
LG