Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Ашраф Гани Ооганстанды байытуунун жолун билет


Ооганстандын президенттигине талапкер Ашраф Гани кокус шайлоодо жеңсе бар бийлигин “өлкөнү элдештиргенге жумшайт”. Гани 17-апрелде “Азаттык” радиосуна берген интервьюда ооганстандыктар "өткөнгө байланып алып, келечектен кол жуубаш керек" экенин да эскертти.

"Мурдагы талаа командирлерин жана өкмөттүн коррупцияланган мүчөлөрүн сот жообуна тартасызбы?” деген суроого жооп берип жатып ал "эл адилетүүлүктү талап кылганын" айтты. Ошондой эле президент болуп шайланып калса өкмөт мыйзамдуулукту күчөтүп, “өлкөнү тышкы жардамга көз каранды кылбаган экономикалык системаны иштеп чыгам” деди.

Ашраф Гани 5-апрелде өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыгат деп боолгонгон белгилүү адис. Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы 25-апрелде жарыяланат.

XS
SM
MD
LG