Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Тегерандын Эвин түрмөсүндөгү саясый туткундар “жазаланды”


Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн ондогон жоокерлери Тегерандын Эвин түрмөсүнүн саясый туткундар кармалуучу бөлүмүнө чабуул койду. 17-апрелдеги чабуулдан кийин 30 адам жалгыз орундуу карцерге которулганы маалымдалды. Бул жөнүндө арестанттардын үй-бүлөлөрүнө таянып оппозициячыл “Калами” сайты маалымдады.

Эвин түрмөсүндө отурган адвокат Абдулфатан Султанинин кызы “Фрада” радиосуна анын атасы да сабалып, карцерге жаткырылганын билдирди.

“Калами” сайтынын жазышынча, акыркы жыйырма жылда саясый айыпкерлерге каршы мындай зулумчулук жасалган эмес болчу. Оппозициячыл “Шамньюс” сайты коопсуздук күчтөрү абак жайга жасаган чабуул учурунда эки арестант жарадар болгонун маалымдады.

Бул маалыматтарды Иран түрмөлөрүнүн жетекчиси Гуламхусейн Исмаили “ушак айың” деп атады.

XS
SM
MD
LG