Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Түркиянын коопсуздук кызматы күчтөндүрүлүүдө


17-апрелде Түркиянын парламенти Улуттук чалгындоо кызматынын вазийпасын кеңейткен мыйзам долбоорун кабыл алды. Оппозициячыл партиялар ал Түркияны көзөмөл астындагы өлкөгө айландырат деп каршы добуш беришти.

Жаңы мыйзамга ылайык, Түркиянын чалгындоо агенттиги жашыруун операция жүргүзүүнү кеңейтет жана жарандардын купуя маалыматтарын окуганга мүмкүнчүлүк алат. Жашыруун документтерди жарыялаган инсан абакка кесилет.

Бул мыйзам коррупцияга аралашкан деп шектелип жаткан премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын коопсуздук кызматын контролдоого жасаган кезектеги кадамы деп бааланууда. Мыйзам президент Абдулла Гүл кол коёр менен күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG