Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 7-октябрда Караколдо болгон Кумтөр кенине каршы башаламандык уюштурду дегендердин үстүнөн сот уланды. Жети-Өгүздүн Саруу айылынын беш тургунуна былтыр май жана октябрь айларындагы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акцияларында башаламандык уюштурган деген айып тагылып жатат. Бүгүнкү соттук жараянда алардын айыбын угузуу улантылды.
Буга чейин февраль айында Биринчи Май райондук соту Кумтөрдүн айланасындагы окуялар боюнча 8 адамды 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. (BkA)
Буга чейин февраль айында Биринчи Май райондук соту Кумтөрдүн айланасындагы окуялар боюнча 8 адамды 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. (BkA)