Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Баткенде акын Курбаналы Сабыров эскерилди


Лейлек районунда акын Курбаналы Сабыровдун эскерүү кечеси өттү. Ага жергиликтүү бийлик атайын каражат бөлүп, аймактагы акын-жазуучулардын чыгармалары сынакка коюлду. Поэзия кечеси жыл сайын акындын жердештери тарабынан уюштурулуп, чөлкөмдөгү жаш акын-жазуучуларга колдоо көрсөтүү максатында сынак өткөрүлөт. Демилгенин уюштуруучусу, райондук “Ата журт” гезитинин башкы редактору Абдилат Дооровдун айтымында, быйылкы жылы сынакта жазуучу Аскар Ражабалиевдин чыгармалары мыкты деп табылган.

Курбаналы Сабыров 1942-жылы 17-апрелде Лейлек районундагы Гордой айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университетинен билим алып, Баткен районундагы Коргон мектебинде мугалим, “Кыргыз Туусу” гезитинин райондогу кабарчысы, кийин “Кыргызстан” басмасында редактор болуп иштеген. Ал 39 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (JsA)

XS
SM
MD
LG