Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Сеул: Чөккөн кеменин капитаны камакка алынат


Түштүк Кореянын прокуратурасы жергиликтүү сотко кайрылып, эки күн мурда чөккөн кеменин капитанын жана эки мүчөсүн камакка алууну сурады. Аларга кандай күнөө тагылып жатканы азырынча белгисиз. 16-апрелде Түштүк Кореянын түштүк батыш жээгинде кырсыкка учураган кеменин ичиндеги 270тей адамдын тагдыры беймаалым. Бийликтердин кабарлашынча, 28 адамдын өлгөнү тастыкталды. Ага чейин 179 адам куткарылган. Жүргүнчүлөрдүн көбү университеттин студенттери экени маалымдалган. Тергөөчүлөрдүн билдиришинче, капитан кеме чөккөн учурда рулда болгон эмес жана кырсык болгон кезде кемени таштап кеткен. Жергиликтүү булактардын маалымдашынча, кеме чөккөндөн мурда тез оодарылып кеткен. Жоголгон жүргүнчүлөрдү издөө улантылууда.
XS
SM
MD
LG