Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Өкмөт башчы Баткенде жүрөт


Жоомарт Оторбаевдин алгачкы иш сапары Баткенден башталды. Өкмөт башчы Зардалыда жарылуудан каза болгон балдардын жакындарына жолукту. Ошондой эле мөмөнү кайра иштетүүчү “Мол түшүм” айыл чарба кооперативинин иши менен таанышты.

Аймактык кабарчыбыздын маалыматына ылайык, Оторбаев баш болгон делегация чек арада орун алган Ак-Сай айылындагы курулушу токтоп турган айланма жолуна барып, Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынын эли менен да жолукту.

Түштөн кийин Оторбаев Ош облусунун Араван районуна барары күтүлүүдө. Ал жерде өкмөт башчы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат. (SA/JsA)

XS
SM
MD
LG