Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Аблязовдун аялы жана кызы качкын макамын алды


Мухтар Аблязов Казакстандын бир кездеги чоң банктарынын бири - БТА банкынын мурдагы башчысы. Аны казак бийликтери кеминде 5 миллиард долларды өзүнө ыйгарып алган деп айыптап келет.

Аблязовдун аялынын адвокаты Антон Жулио Ламанын билдиришинче, Италия өкмөтү Алма Шалабаеванын "Казакстанда куугунтукталам" деген кооптонуусун негиздүү деп тапкан. Былтыр Шалабаева кызы Алуа экөө кармалып, Казакстанга мажбурлап жөнөтүлгөндө, Италияда чоң чатак чыккан болчу.

Италия өкмөтү кайрылгандан улам жана терс сөздөрдөн кийин казак бийлиги былтыр декабрда анын тышка чыгуусуна уруксат берген.

Аблязов өзү ушу тапта Францияда абакта отурат. Аны чоң суммада акча уурдаган жана финансылык көз боёмочулук кылган деп айыпташып, Орусия менен Украина да Франциядан өткөрүп алууга аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG