Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Өзбекстан: согуш ардагерлерине акчалай жардам берилет


Президент Ислам Каримов Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына акчалай жардам көрсөтүү тууралуу жарлыкка 19-апрелде кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат булактары кабарлады.

Президенттин жарлыгына ылайык, нацисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин 69 жылдыгынын урматына ардагерлер жан башына 600 000 сум же 264 доллар акчалай жардам алышат. Жардам 9-май күнү тапшырылмакчы.

1941-45-жылдардагы согушка Өзбекстандан 1, 5 миллиондой адам катышкан. Алардын 400 миңден ашууну майданда курман болгон жана 130 миңге чамалуусу дарексиз жоголгон. Азыр Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан 4 миңден ашуун согуштун ардагери бар.

XS
SM
MD
LG