Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Алжир: Бутефлика төртүнчү мөөнөткө президент шайланды


Алжирдин ички иштер министри Таип Белаиздин маалымдашынча, Бутефликаны шайлоочулардын 81 проценти колдоду. Анын атаандашы, мурдагы премьер-министр Али Бенфлис 12 проценттен бир аз көп добуш алды. 17-апрелдеги добуш берүүгө шайлоочулардын 52 процентке жакыны катышты. Бенфлис шайлоону “добуштарды массалык кошуп жазуулар менен өттү” деп сындады.

Бутефлика азыр 77 жашта. Ал 2013-жылы инсульт болуп дарылангандыктан, шайлоо өнөктүгүнө катышкан жок жана шайлооканага чыгырыктуу арабада келип добуш берди. Абделазиз Бутефлика алгачкы жолу 1999-жылы беш жылга президент болуп шайланып, ошондон бери бийликте.

XS
SM
MD
LG