Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

“Формула-1”: Кытайдагы мелдеште Льюис Хэмилтон озду


“Формула-1” автожарышынын Кытайда болгон Гран-при мелдешинде британиялык Льюис Хэмилтон (“Мерседес” командасы) жеңди. Ал Шанхай шаарындагы автодромдо марага 1 миң 53, 860 секундада келди. Хэмилтон жарыштын жалпы жыйынтыгы боюнча “Формула-1” автожарышынын тарыхындагы эң мыкты британиялык айдоочу болду. Бирок Хэмилтон көрсөткүчү боюнча дүйнөнүн азыркы чемпиону, германиялык Себастьян Феттелге, ошондой эле легендарлуу авто айдоочулар: бразилиялык Айртон Сенн жана германиялык Михаэл Шумахерге жете элек.

Шанхайдагы Гран-при мелдешинде австралиялык Даниел Риккьярдо экинчи ("Ред Булл" - "Рено" командасы) — 1:54,455, ал эми германиялык Себастьян Феттел ("Ред Булл" - "Рено") — 1:54, 960 үчүнчү болду. “Формула-1” чемпионатынын жеңүүчүсү жалпы мелдештердин жыйынтыгына ылайык жыл аягында аныкталат.

XS
SM
MD
LG