Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Сирияда уурдалган журналисттер эркиндикке чыкты

Николя Энен, Пьер Торрес, Эдуард Элиас жана Дидье Франсуанын саламаттыгы жакшы экенин Франциянын президенти Франсуа Олландын кеңсеси 19-апрелде билдирип, башка эч кандай маалымат бербеди. Төрт журналистти Ирак жана "Левант Ислам мамлекети" козголоңчул тобу 2013-жылдын июнь айынан бери Сирияда барымтада кармап жаткан. 19-апрелде таң эрте Түркиянын маалымат булактары франциялык журналисттер Сирия менен чек арада колдору жана көзү таңылуу табылганын кабарлашкан.
XS
SM
MD
LG