Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Донецк калкынын басымдуусу Украинанын бүтүндүгүн жактайт


Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилердин очогу болгон Донецк облусунун көпчүлүк калкы Орусияга кошулууну каалабайт.

19-апрелде Киевдеги Эл аралык социологиялык институт жарыялаган изилдөөгө караганда, сурамжыланган жергиликтүү жашоочулардын 52, 2% Орусияга кошулууга каршы болсо, 27, 5% Москванын кол астына өтүүнү каалайт.

Москвачыл согушчандар өкмөттүк имараттарды басып алган региондун тургундарынын 38 проценти Украина федерация болуусун кааласа, 41% региондордун бийлик укугун кеңейтүүнү жактаганын айткан. Сурамжылоого катышкандардын 57, 2% өз укуктарын бузулду деп эсептейт жана 66,3% Орусиянын аскерлеринин басып кирүүсүнө каршы экенин билдирген. Алардын 69, 7% Орусиянын башкаруусуна каршы болгон.  Сурамжылоого 3200 адам катышкан.

 

XS
SM
MD
LG