Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Нарында алгач ирет Startup Weekend өтүүдө


Нарында өтүп жаткан үч күндүк Startup Weekend иш-чарасында 7 бизнес долбоор иргелип алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруучулардын бири Мирсулжан Намазаалы билдирди.

Нарындагы конкурска тапшырылган долбоорлордун басымдуу бөлүгүн мал чарбачылыгына, кол өнөрчүлүккө ыктагандар түзүүдө. Алардын арасында азырынча мыкты деп табылгандары зер буюмдарын жасоо, бодо малды Кыргызстандын аймагында интернет аркылуу сатуу, жашылчаларды өндүрүү үчүн күнөсканалар долбоорлору болууда.

Иш-чаранын жыйынтыгында эң перспективалуу чыныгы ишке аша турган бизнес-идея сунуштаган команда 500 АКШ долларын жеңип алат. Жеңүүчү Бишкекте өтө турган конкурста 500 миң сомдук байгеге ат салышуу укугуна ээ болот.

Нарындагы Startup кароосуна 50 бизнес-долбоор келип түшкөн. (SA)

XS
SM
MD
LG