“Добуштар бурмаланды деп шектелген бөлүмдөрдө бюллетендер кайра саналат,”- деп билдирди 19-апрелде кабарчыларга Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын өкүлү Нур Мухаммед Нур. 5-апрелде болгон президенттик жана провинциалдык шайлоого 12 миллион шайлоочунун 7 миллиондон көбүрөөгү катышкан. Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы 24-апрелде белгилүү болот. Бирок 13-апрелде жарыяланган эсептөөлөргө караганда, мурдакы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла жана мурдакы финансы министри Ашраф Гани атаандаштарынан көп добуш алып, алдыда баратат.
Шайлоо комиссиясы добуштар толук санала элек болгондуктан, анын жыйынтыгы дагы өзгөрүшү толук ыктымал экенин эскерткен. Азыркы президент Хамид Карзай эки мөөнөт президенттик кылгандыктан конституцияга ылайык, шайлоого катышпады.