Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Түштүк Корея: 250дөн ашык жүргүнчүнүн тагдыры дале белгисиз


Түштүк Кореяда кеме кыйроосунан жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр менен полиция ортосунда кагылышуу болду. Үй-бүлөлөр издөө иштеринин жүрүшүнө нааразы. Алиге дейре кемедеги 476 адамдын 250дөн ашууну табыла элек. 54 адамдын өлгөнү тастыкталган. 174 жүргүнчү куткарылган.

Инчхон портунан Чежу аралына бараткан кемедеги жүргүнчүлөрдүн 350гө жакыны Сеулдун түштүгүндөгү Ансан шаарынын мектеп окуучулары болчу. Бул мектептин директорунун орун басары окуучулардын өлүмүнө байланыштуу 18-апрелде өз жанын өзү кыйды. Кеменин капитаны жана эки мүчөсү камакка алынды. Алар кызматына жоокерчиликсиз мамиле жасаган, деңиз эрежесин бузган деп күнөөлөнүүдө. Кеменин капитаны жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөрдөн кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG