Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 20-апрелдин таңында Словянск шаарынын сыртындагы бекетке жасалган чабуулду “чектен чыккан зөөкүрлүк” деп сыпаттады. Ошондой эле чабуул Украин бийликтери Пасхага байланыштуу чакырган элдешүүнү бузду жана Киевдин “улутчулдар менен экстремисттерди куралсыздандырууну” каалабаганын көрсөтөт, деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Орусиячылдар орноткон бекетке таңкы саат 2де бир нече машине менен куралчан адамдар келип, ок жаадырган. Украин бийликтеринин айтымында, атышууда бир адам өлүп, үч киши жарадар болгон.
“Орусия-24” өкмөттүк телеканалы чабуулда бекетте турган үч адам жана кол салган тараптан экөө окко учканын билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги чабуул үчүн украин улутчулдарынын “Оңчул секторунун” мүчөлөрүн күнөөлөдү.