Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Йеменде уурдалган өзбекстандык дарыгер бошотулду


Дарыгер 13-апрелде Йемендин түндүгүндөгү Мариб провинциясында өзү иштеп жаткан ооруканадан уурдалган болчу. Йемен бийликтеринин маалымдашынча, 19-апрелде уруу аксакалдарынын арачылыгы менен өткөн сүйлөшүүдөн соң уруунун куралчан адамдары докторду провинциянын борборуна алып келип беришкен.

Чет элдиктерди өзгөчө ислам согушкерлери жана уруулар тарабынан уурдоо Йеменде кеңири жайылган көрүнүш. Алар уурдалган адамдарды абактагы туугандарын бошотуу же социалдык тейлөөнү жакшыртуу үчүн пайдаланышат.

XS
SM
MD
LG