Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:49

Баткенде жарылбай калган снаряд табылды


Зардалыдагы жарылуудан жабыркаган балдардын жакындары облустук оорукананын жанында. Баткен, 18-апрель, 2014.
Зардалыдагы жарылуудан жабыркаган балдардын жакындары облустук оорукананын жанында. Баткен, 18-апрель, 2014.
Баткендин Дара айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Жылга аймагында жарылбай калган снаряд табылганын "Азаттыкка" бүгүн облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Рысбеков кабарлады. Снаряд табылган жерге милициянын ыкчам тобу жөнөп кетти. “Эки баланын өмүрүн алган окуядан кийин, жарылуу коркунучу бар заттарды таап, зыянсыздандыруу үчүн жергиликтүү эл менен бирге рейд жүрүп жатат, снаряд ошонун негезинде табылды. Жарылуучу зат 1999-жылы Баткен окуясынан калган болушу ыктымал”, - дейт Рысбеков.

17-апрелде Баткендин Зардалы айылында белгисиз зат жарылып, 5-8 жаштагы 2 бала мерт болгон. Дагы төртөө ооруканга жеткирилген, экөөнүн абалы азыр да оор бойдон. (EBM)

XS
SM
MD
LG