Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Азербайжанда белгилүү журналист тыңчылык кылган деп камалды


Журналист Рауф Миркадыров 19-апрелде Түркиядан Бакуга кайтып келген учурда камакка алынган. Миркадыровдун адвокаты Фауд Агаевдин билдирүүсүнө караганда, Башкы прокуратура Рауф Миркадыровго мамлекетке чыккынчылык жана башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган деген айыптарды койду. Миркадыров орусча чыккан “Зеркало” гезитине Азербайжан жана Түркиянын жетекчилиги жөнүндө сынчыл багыттагы макалаларды жазып келген. “Зеркало” гезити түрк бийлигинин Миркадыровдун аккредитациясын жокко чыгарып, эч кандай себепсиз өлкөдөн чыгып кетишин талап кылганын сынга алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG