Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Словянск шаарындагы атышуу боюнча эки өлкө бири-бирин айыптады


Украинанын Словянск шаарындагы 20-апрелдеги атышууда кеминде үч киши өлүп, дагы үчөө жарадар болду. Беткапчан активист Словянсктын жанындагы тозотто "Рейтерстин" кабарчысына окуя тууралу буларды билдирген:

- Адамдар Jeeps машинесинен ыргып чыгып, бизге ок жаадыра баштады. Анан тарсылдак гранаталарды ыргытышты. Биздин адамдар туш тарапка кача баштаганда кимдир бирөө “жаткыла!” деп кыйкырды. Кыштакка качмак болгон биринчи адамды снайпер атып өлтүрдү. Анан экинчи адам өлдү. Сойлоп бараткан экинчи адам турбай жатты.

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары беш кишинин, анын ичинде Орусияга ыктаган үч активисттин набыт болгонун маалымдоодо. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги окуяга нааразылыгын билдирип, украин бийлиги “улутчулдарды” куралсыздандырбай жатат деп айыптады. Өз кезегинде Украинанын коопсуздук кызматы окуяга украиналык бир дагы уюмдун тиешеси жоктугун айтып, аны чагым катары баалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG