Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Жогорку Кеңеш Акматбек Келдибековдун маселесин карайт


Акматбек Келдибеков төрага кезинде парламенттин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн ачылуусунун мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын Жогорку Кеңеш 24-апрелде карайт. Башкы прокуратура өкүлчүлүк мыйзамсыз ачылган деп Акматбек Келдибековго айып койгон.

Маалыматтарга караганда, депутаттык комиссия өкүлчүлүк мыйзам чегинде парламенттин чечими менен ачылганын тастыктап чыкты. Эми ал парламенттин кароосуна коюлмакчы.

Оппозиция лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков өткөн жылдын ноябрь айынан бери камакта. Ага "коррупция", "кызмат абалынан пайдаланган" деген айыптар коюлган. Келдибеков өзү айыптарды четке кагып, саясий ишмердүүлүгү үчүн камакка алынганын айтып келет. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG