Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Токочевдин дүйнө жүзүнө саякаты уланууда


Руслан Токочев Непалда. Апрель, 2014-жыл.
Руслан Токочев Непалда. Апрель, 2014-жыл.
Бишкек шаарынын тургуну Руслан Токочевдин дүйнө бойлой саякаты уланып жатат. Анын эки жылдык саякаты быйыл 28-мартта Кытайдан башталган. Ал жерде он күндөй жүрүп, Непалга бет алган. Учурда Руслан Непалдын шаар жана кыштактарын аралап жүрөт. Күнүмдүк жаңылыктары менен ал интернеттеги жеке сайты жана социалдык тармактар аркылуу бөлүшүүдө. Кийинки маршруту Индияга болмокчу.

28 жаштагы Руслан Токочев эки жыл ичинде 43 мамлекетти кыдырмай болууда. Каржы маселесин жакындары жана демөөрчүлөрдүн эсебинен чечкен.

Саякаттын акыркы чекити Азербайжан болот. Андан соң Токочев Кыргызстанга кайтат. (SE)

XS
SM
MD
LG